Казакстандын мектептеринде 1-класстын окуучуларына орус, англис тилдерди окутулбайт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго шилтеме берүү менен жазышууда.
Министрдин айтымында, 1-класста жалгыз казак тили окутулат. Бала орус жана англис тилин үйрөнбөй туруп эң биринчи өз эне тилинде окуп, жаза билүүсү керек.
«Бир учурда 3 тилди үйрөнүү жаш бала үчүн оор. 2-класстан баштап орус тили киргизилип, 3-класстан англис тили кошулат«,- дейт Аймагамбетов.
Бул арада орус мектебине барууну каалаган окуучулар үчүн эки тил бирдей окутула берет.
Буга чейин мектептерде 3 тил катары менен окутулуп келген. Англис тили биринчи класстын окуучулары үчүн 2012-жылы милдеттендирилген болчу.