7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ай сайын стипендия төлөп берет». Кыргызстандан 50 студент Башкорстанга окууга барат

505

Кыргызстандык 50 студент Башкорстанга окууга барат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.

Министрдин орун басары билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады.

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга өткөн. Алар педагогика жана психология жаатында билим алышат.

Аталган окуу жай студенттерге акысыз билим берип, ай сайын стипендия төлөп берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

506