7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кырсыкка кабылгандардын жакындарына өтө оор болуп жатканын жан дүйнөм менен сезим турам»

678

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Орусиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам.

Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.

Ыйык Кураныбызда «Аллахым сабырдууларды сүйөт» деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим!

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен 23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялайм”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679