7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайгуул кызматы жаңы 5 унаалуу болду

786

Кайгуул кызматына берилген Toyota Prius үлгүсүндөгү кызматтык унаалар толук кандуу ишке киришти. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле «102» багытындагы чакырууларды тейлөө багытында кызмат алып барып жаткан кайгуул кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана кызматкерлердин кызматына кайдыгер карабаган патриот жарандар тарабынан Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына Toyota Prius үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа тапшырылган.

Бүгүнкү күндө бул кызматтык унаалар толук кандуу техникалык кароодон өткөрүлүп, кошумча кызматтык жабдыктар менен жабдылып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн, кызматка киришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

787