7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө милиция аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын тапшырды

897

Ысык-Көл райондук милициясынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн келечектеги мектеп окуучуларына жаңы окуу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара жаңы окуу жылынын башталышынын алдында салтка айланган «Мектепке жол» кайрымдуулук акциясынын алкагында өттү.

Милициядан белгилешкендей, биринчи класстын окуучуларын мектепке чогултуу кайрымдуулук акциясы жакшы салтка айланды. Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору жана ардагерлери үй-бүлөлөрү убактылуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды жаңы окуу жылына чогултууга жардам беришүүдө.

Бул жолу окуу куралдары Ананьево айылындагы жети балага тапшырылды. Мектеп окуучуларынын белектери окууга бардык керектүү окуу куралдары менен жабдылган.Мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында өткөрүлмөкчү”, — деп айтылат билдирүүдө.
   

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

898