7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыргыз модасына таазим” көргөзмөсү ачылды

621

Улуттук тарых музейинде “Кыргыз модасына таазим” көргөзмөсү ачылды.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып сөз сүйлөдү.

Чынгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө ата мекендик дизайнерлерди жана Кыргыз Республикасынын мода индустриясын жайылтуу максатын көздөгөн мындай иш- чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү деңгээлде колдоого ала тургандыгын белгилеп, кыргыздын алгачкы кийимдеринин тарыхый үлгүлөрү, ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин мода индустриясынын эволюциясы катары белгилүү болот деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, Чыңгыз Эсенгул уулу Маданият министрлиги Шоурум – “Саркеч үйү” менен өнөктөштүктө уюштурган алгачкы ийгиликтерден экендигин баса белгилеп, жакында эле президент Садыр Нуркожоевич Жапаров «Креативдүү өнөр жай паркы жөнүндө» мыйзамына кол койгонуна айтып, мындай мүмкүнчүлүк өнөр жай индустриясын гана эмес, ата мекендик дизайнерлердин ишин жана Кыргызстандын саркеч индустриясын өркүндөтүүгө, колдоого шарт түзө тургандыгын белгилеп өттү.

“Саркеч үйү” – 2014-жылы негизделген жана Кыргызстандагы дизайнерлерге өз продукцияларын илгерилетүүгө жана сатууга мүмкүнчүлүк берген уникалдуу аянтча.

Бүгүнкү күндө «Мода үйү» өлкөдөгү биринчи көргөзмө-рум болуп саналат. Анда кийим-кече, аксессуарлар жана зер буюмдардын жергиликтүү дизайнерлеринин автордук буюмдары гана коюлган. Мода үйүнүн аркасында 30дан ашык дизайнерлер жекече тигүү менен гана алектенбестен, үзгүлтүксүз түрдө сезондук жана капсулалык коллекцияларды чыгаруу менен алектенип келет. Шоурумдун негиздөөчүлөрү болуп, Сонун Нурманбетова жана Алтынай Рыскулова, ошондой эле Asylbashev Creative ЖЧКсы болуп саналат.

Эске салсак, аталган иш чара Маданият, маалымат, спор жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан колдоого алынган.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622