Кыргызстанда Курсанттар катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басары жана Аскер институтунун жетекчиси жол кырсыгынан жабыркаган курсанттардан кабар алып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери аскердик дарыгердин көзөмөлүндө. Курсанттардын абалы канааттандырарлык экендиги айтылат.
Белгилей кетсек, Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылган.