7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады

630

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы кызматташуу жакшы натыйжа берүүдө. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоо максатында өз ара пайдалуу орус-кыргыз мамилелеринин бардык комплексин мындан ары кеңейтүүнү камсыздайбыз деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоо катында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

631