Түркиянын Кападокия аймагында кечээ, 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине элчи Кубанычбек Өмүралиев, Невшехир аймагынын губернаторуИнжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук группасынын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын башчысы Осман Сүслү катышышты. Парктын ачылышынын урматына коноктор “Достук дарагын” отургузушту.
Аталган паркта боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулду жана кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт болду.