7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто таанышына дары берип уктатып, 60 миң сомун уурдап кеткен аял кармалды

685

Ошто чала таанышынын үйүнө коноко барып, дары берип уктатып тоноп кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү мурда бир нече ирет алдамчылык жана уурулук жасагандыгы үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп келгендигине карабастан, кайрадан кылмыш ишине барган. Тагыраак айтканда, ушул жылдын 3-июль күнү Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жашаган улгайган аял менен таанышып, анын ишенимине кирип, үйүнө барган. Анын үйүндө конокто отуруп, үй ээсинин ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып 3 даана белгисиз дары берген. Натыйжада, ал дарыларды ичип алган жабырлануучу эс учун жоготкон.

Шектүү кырдаалдан пайдаланып, жабырлануучуга таандык болгон 60 миӊ сомду алып качып кеткен.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Р.Х. 30-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан 15 күнгө, тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686