7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Ташиевге кайсы эмгеги үчүн «КРнын Баатыры» даражасы берилгенин түшүндүрдү

517

Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Өлкө башчысы иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрдү.

«Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин соңку жылдарында өлкөбүздө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты, ал кайгылуу окуялар менен да коштолуп кетти.

Бул ачуу чындык, бирок шибегени капка ката албагандай эле, бул чындыкты дагы жашыра албайбыз. Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду.

Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жака бармак түгүл караандары да көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев тургандыгын эч ким тана албайт», — деди президент.

Садыр Жапаров муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам деди.

«Анын буга чейин эл кызматыда болуп, “эл уулу” атанткан иштери татыктуу бааланып жатканын эл да туура көрөт.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт.

Мындан сырктары, жакынкы эле убактарда, элге беймаалым, менин көз алдымда турат, мамлекеттин кызыкчылыгы чейрек жыл бүтпөй жүргөн зор иштерди бүтүрдү. Бул иштер азырынча сыр болуп турат. Убагы келет, кийинчерээк ачыктаймын», — деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

518