7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кадырбеков: «Таштандылар өрттөнүп, андан чыккан түтүн менен канчалаган адамдар ууланып жатат» (ВИДЕО)

621

Бүгүн, 8-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарындагы таштанды полигону тууралуу сөз кылып, андагы өрттүн түтүнүнөн көпчүлүк тургундар жабыркап жатканын жүйө келтирди.

Ал эми депутат Шарапаткан Мажитова Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясынын мугалимдеринин жана ата-энелеринин атынан келип түшкөн кайрылуу боюнча маалымат берип, анда айтылган коррупциялык көрүнүштөрдү тизмектеди. Тагыраагы, 1992-жылдан бери жетектеп келе жаткан Бахтияр Кадыровго нааразы болгондор, жылына коррупциялык жол менен окуучулардан каражат топтолорун маалымдашкан. “Андыктан, ушундай мектептердин ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү зарыл”, – деди эл өкүлү.

Андан тышкары, депутат Эмил Жамгырчиев мигранттар үчүн атайын акыйкатчы институтун түптөө керектигин айтып: “Мигранттардын маселесин каргашалуу окуялар орун алып, олуттуу көйгөйлөр жаралганда гана эстеп калабыз. Андыктан мигранттардын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү үчүн мамлекеттик жана бей өкмөт уюмдар менен тыгыз иш алып барган акыйкатчы институтун түзүү зарыл”, – деди.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622