Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам көз жумуп, 4 жаран жаракат алды. Бул тууралуу 7-каналга ӨКМден билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, 11-сентябрь күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында Фольксваген Пассат Хонда Аккорд жана Субару үлгүлөрүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталып, натыйжада 5 адам каза болду.
3 эркек киши 1980-жылы туулган К.Б., 1994-жылы туулган М.А., 1992-жылы туулган Д.Ч. жана 2 жаш кыз 2008-жылы туулган Д. С., 2021-жылы туулган К.Н. каза болду.
Ошондой эле 4 адам (2 эркек киши: 1986-ж.т. О.Р., 1992-ж.т. Б.у.К., 1 аял киши: 1983-ж.т. К.Т., 1 жаш кыз: 2017-ж.т. К.А.) жабыркаган.
«Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, унаадан 2 адамдын жансыз денелерин чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Түп райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган»,-деп берилет маалыматта.