Москва районунда жол кырсыгы болуп, 37 жаштагы мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө караганда, 11-сентябрь күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Москва РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Сретенка айлында жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Анда белгисиз айдоочу унаасы менен Сретенка айылынын Центральная көчөсүнү түштүктөн түндүктү көздөй башкарып бара жатып, түндүктөн түштүккө бара жаткан Сретенка айлынын 1985-жылы туулган Ч.А.А аттуу тургуну мамлекеттик белгиси жок “Днепр” үлгүсүндөгү мотоцикл менен сүзүшкөн.
Андан соң айдоочу белгисиз унаа менен окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Жол кырсыгына шектелип, Сретенка айылынын 1976-жылы туулган С.А.С тургунун кармалды жана ал Москва РИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү унаасы аныкталып айып токтоочу жайына киргизилди.
Жол кырсыгынын кесепетинен Сретенка айлынын тургуну мотоциклдин айдоочусу 1985-жылы туулган Ч.А.А, аттуу жаран каза болду. Ал эми мотоциклдин жүргунчүсү 2005-жылы туулган А.А.С. жаракат алган.