7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Жалал-Абад» май иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты (ФОТО)

550

Бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды.

Мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды.

Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган.

Үстүбүздөгү жылдын мартында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк сырье колдонулат.

Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40% гана колдонот. Ошондой эле, компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалымат уккан соң Президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьену колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551