Сокулукта учакта акча уурдаган 37 жаштагы Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Билдирүүгө караганда, Сокулук райондук милициясына арыз менен П.И. аттуу Россия жараны кайрылган. Анын арызында 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү Бишкек — Стамбул каттамы менен келе жаткан учактын бортунда белгисиз адамдар 6 миң 700 долларын уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Анын натыйжасында кылмышка шектелип 37 жаштагы З.Х. аттуу Кытай жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.