Кара-Суу районунда төлөм жүргүзүүчү терминалды уурдаган кылмыштуу топ кармалганын Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 1-сентябрда милицияга Кара-Суу районунун Ю.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү Нариман айылында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде төлөм терминалын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери башталган.
«Тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 24 жаштагы И.Б, 27 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу такталууда»,-деп берилет маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.