Төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу кичинесинен эле башталган. Биринчи жолу 6- класста окуп жүргөндө , комуз менен ырдап чыккан.
Ырчы, обончу катары «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» чыгармалары менен белгилүү.
Төкмө акын 2020-жылдын 20-апрелинде каза болгон.
Коштошуу вальсы
Көңүлүм байланабы?
Көзгө жаш айланабы?
Колуңду коё бербей,
Кош дедим кайра дагы…
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топ таштай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Айтпадым намыс барын,
Акырын алыстадым.
Капарга алганың жок,
Кабыргам кайышканын.
Кайгырып шашылбадым,
Кайтчы деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Кайгырып шашылбадым,
Кайткын деп чакырбадың.
Шурудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Күймөлүп басып араң,
Күн менен батып барам.
Күн чыгат кайра-кайра,
Мен чыкпайм, жашып барам.
Күймөлүп шашылбадым,
Күтчү деп чакырбадың.
Мончоктой чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
Толгонуп шашылбадым,
Токто деп чакырбадың.
Топчудай чачылганмын,
Сен мени жоготтуңбу?
«Коштошуу вальсы» Автор: Хабибулла Азиреткулов, сөзү Кыялбек Урманбетов.