Өлкө аймагында бир жуманын ичинде 17 миң 758 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.
Анын ичинен:
— жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3672;
— автоунаанын тиешелүү документи жок – 205;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5486;
— автоээнбаштык – 6;
— жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 646;
— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 70;
— жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6441;
— айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 14;
— мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 213.
Ошондой эле, унаа токтотуучу жайга 1007 автоунаа токтотулду.