7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова: «Бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим»

1118

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган  Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаиловду жеңиши менен куттуктап, балбандар менен сыймыктанарын соц баракчасына жазып чыкты.

«Чемпиондор!
Акжол, Жоламан жана Амантур силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мен, биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам! Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү түрдө айта алам.Мен дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы эки жолу жеңишти камсыздап үчүнчүсүндө алдырып жибердим.
Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат. Бирок, андай эмес. Билесиңерби, мен бул окуяга тескерисинче бир аз кубандым.
Анткени, бул жеңилүү мен үчүн сабак болду.
Дагы да көп иштешим керек экенин сездим✊🏻
Өзүм менен күрөшөм, күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм!» — деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1119