7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер жөнөп кетишти

528

Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 15 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Учурда Лейлек районунда сегиз, Баткенде эки, Кадамжай районунда үч, Боз-Адыр айылында эки адис жардам көрсөтүүдө.

«Республикалык психиатрия жана наркология борборунан 8 дарыгер жардам көрсөтүү үчүн учуп кетти. Ошондой эле эвакуацияланган тургундарга жеринде психологиялык жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунан дагы кошумча 5 адис Баткен облусуна жөнөп жатышат»,-деп берилет малыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529