7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БУУнун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына барды

559

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) штаб-квартирасына келди.

Жалпы дебаттар башталаардын алдында Мамлекет башчысы менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш учурашты.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолугушат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында Президент Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сүйлөйт. Тизмеде жетинчи.
Мамлекет башчысынын сөзүнүн башталышы Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 20:30да күтүлүүдө.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

560