7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кара-Жыгачка» бийик имараттарды курууга уруксат берген кызматкерлерге иш козголду

593

Бишкектин «Кара-Жыгач» конушунда бийик имараттарды курууга уруксат берген кызматкерлерине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана курулуш-архитектура контролдоо шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

КРнын өкмөтүнүн 2006-жылындагы токтому менен бекитилген 2025-жылга чейинки Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык, “Кара-Жыгач” конушунун аймагы жогорку тыгыздыктагы 3 кабатка чейинки турак жай курулуштарын гана курууга уруксат берилген.

Бирок, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктар тутумунун талаптарын бузуу менен “Кара-Жыгач” конушунун аймагында 3 кабаттан бийик жана көп батирлүү объектилердин курулушуна уруксат иш кагаздары берилген.

Натыйжада, жарандардын ыңгайлуу шартта жашоосуна жооп берген нормативдик талаптарын камсыздаган, мамлекеттин жана коомдун шаар куруу тармагындагы кызыкчылыктары бузулган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594