Оштогу ашканалардын биринде Ноокат районунун тургуну эки жаранды бир нече жолу сайып, качып кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-октябрь күнү саат 04:00 чамасында Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнө кабар келип, анда, Ноокат районунун тургуну 1993-жылы туулган С. уулу М., атуу жаран денесинен жарат алып Ноокат райондук ооруканасына кайрылгандыгын билдиришкен.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 6-октябрь күнү кылмышка шектүү 31 жаштагы Э.Б., Ноокат шаарындагы ашканалардын биринде пикир келишбестиктен улам Ноокат районунун тургундары 29 жаштагы С.уулу М., жана 30 жаштагы Э.К., атуу жарандардын курсак жагына бычак менен бир нече жолу сайып окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Кылмышка шектелип кармалган Э.Б., аттуу жаран экендиги аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин жана 122-беренесинин Киши өлтүрүүгө аракет жасоо негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.