7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев жыйындын камерага тартылбашынын себебин түшүндүрдү (ВИДЕО)

602

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо боюнча келишим долбоору талкууланууда.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жыйынга камера жана жаздыруучу каражаттардын алып кирүүгө тыюу салынышынын себебин түшүндүрдү.

“Жыйынды жабык же ачык өткөрүү боюнча суроолор жаралууда. Айрым депутаттар ратификация боюнча мындай документтер керек деп окуп жатасыңар. Бул туура, мыйзамдын талабы. Бирок бүгүн сөз ратификация тууралуу болгон жок. Биз келишимдин долбоорун талкуулап, макулдашууга гана алып келип жатабыз. Буйруса, эки президент кол койсо, андан кийин сиздердин алдыңыздарга ратификацияга алып келебиз. Ошондо гана документтердин топтому алынып келет.

Алардын баарын кол койгонго чейин ачыктаганга биздин укугубуз жок. Туура, президент баарын ачык көрсөткүлө деген. Бүгүн эртең менен Садыр Жапаров менен колубуздагы документтер өтө жашыруун болгондуктан аны камерага тарттырбастан комитеттин мүчөлөрүнө, коомчулукка, журналисттерге түшүндүрүп берүү боюнча макулдашканбыз. Ал эми бизди тартып жаткан камеранын уруксаты бар, ал УКМКнын жалгыз камерасы. Мунун баары документтештирилет жана эч жакка чыгарылбайт”, — деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603