7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада жигит ата-энесине аш берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрдү

1456

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургуну Үсөн ажы Корчу уулу атасы Корчу Жумабаев жана апасы Кудайберди кызы Кансулуу эненин ашын берүүнүн ордуна Куран жарыш өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

«Мындай Куран жарыш Ала-Бука районунда биринчи жолу болуп өттү. Элибиз дагы жакшы кабыл алып, жалпы катышуучуларга өздөрүнүн баталарын беришти»,  деди Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев.

Саамалыкка Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов, айыл өкмөт башчысы Абдибаит Акимов, Көлмө медресесинин мүдүрү Идрис ажы Ахунбаев баштаган мугалимдер жамааты, Ала- Бука районунун жалпы имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жарыш Курандан бир жана беш пара боюнча, сүннөт дубалар жана Алланын 99 ысым-сыпаты боюнча өткөрүлүп, ага Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунан кары балдар жана кыздар катышты. 50 дөн ашуун кыз-келиндер жана 100 дөн ашуун уландар өз күчүн сынаган жарышта байгеге 5 тай, 5 торпок, 5 кой, 5 козу-эчки жана акчалай сыйлыктар коюлду. Алгач беш парадан I орунду алгандарга бирден тай, II орунду алгандарга торпок, III орунга кой, IV орунду ээлегендерге козу берилди. Ошондой эле кыз-келиндер арасында I орунду алган катышуучуга 7000 сом, II орунга 5000 сом, III орунду алганга 3000 сом берилсе, жалпы катышкандарга 500 сомдон акчалай сыйлык, жайнамаз жана башка белек-бечкектер берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1457