7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанбаев: «Сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл»

593

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сөз эркиндиги боюнча социалдык тармактагы баракчасына комментарий берди.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат.

Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17 — сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу, хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам»,-деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594