7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда “Манас” эпосундагы «Тайторунун окуясы» музыканын коштоосунда ар башка ыкма менен аткарылат

783

Казакстанда “Манас” эпосундагы «Тайторунун окуясы» кыргыз-казак манасчылары тарабынан музыкалык коштоодо айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-29-октябрына чейин Казакстанда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү алкагында жаш манасчы Азиз Биймырза уулу жетектеген Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Программага ылайык, төкмө акындар кыргыз-казак бир туугандыгын даңазалашса, дастанчылар «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Аксаткын менен Кулмырза», «Карагул ботом», «Кожожаш», «Акбала», дастанынан үзүндү айтышып, «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосунда «Баба мурасы» күүсү жаңырат.

Ошондой эле, кыргыз манасчылары казак манасчылары менен биргеликте “Манас” эпосундагы «Тайтору окуясын» музыканын коштоосунда ар башка ыкма менен аткарып, “Манас” урааны жаңырат.

«Учурдан пайдаланып, бардык мекендештерди 28-октябрда саат 15-00дө Р. Багланова атындагы «Казакстан» Борбордук концерттик залында күтөбүз. Кирүү акысыз. Улуттук «Манас» театры кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун ошондой эле кенже эпосторду даңазалоо, сактоо жана жайылтуу максатында 2021-жылы сентябрь айында негизделген. Бул концерттик программа аталган театрдын чыгармачылык тобунун чет өлкөлөдө сунушталып жаткан алгачкы программасы болуп саналат»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784