Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-октябрь күнү белгисиз адамдар Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргаткан. Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү тилкеге түшүп калган. Окуя болгон жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн кара куурай чайыры (гашиш) болуп саналат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн өздүктөрүн аныкташкан. Алар айдап жүргөн «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаа дагы табылган.
Аталган кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу чөйрөдө “Смотрящий” статусуна ээ болгон Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну А.уулу Т., анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда мындан аркы ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.