7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатында коло байге уткан Исмаиловду ат мингизип тосуп алышты (ФОТО)

543

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад шаарындагы аэропортто грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 3-орунду багындырган Амантур Исмаиловду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Ислам Масабиров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин депутаттары Жыргалбек Маатжакыпов, Бабаравшан Каримов, спортчунун машыктыруучулары жана жакындары катышты.

Амантур Исмаиловду шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жетишкен ийгилиги менен куттуктап, жергиликтүү бийлик спортчуларды ар дайым колдоого даяр экендигин баса белгилеп, ат мингизип кичи мекенине узатышты.

Эске салсак, Амантур Исмаилов Сербиянын Белград шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 67 килограмм салмакта Грузиялык атаандашы Жони Хецурианини 17:8 эсебинде жеңип, коло медаль жеңген.

Белгилей кетсек, Амантур Исмаилов быйыл августта Түркиянын Конья шаарында өткөн бешинчи Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль алган. Ал эми 2021-жылы Азия чемпионатында коло байге алса, 2018-жылы Азия оюндарында да коло медалды жеңип алган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

544