7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эски бактын жанындагы тактайда, Эртең дагы, эки он беште күт мени…»

974

Адабий айдың: «Кусалыгым күздөгү»

Эсиңдеби, саргыч тарткан күз деми,
Эң акыркы жолугушуу биздеги.
Эски бактын жанындагы тактайда,
Эртең дагы, эки он беште күт мени…

Деген жазуу дале турат издери,
Жазыла элек канча ыр калды ичтеги.
Саптарында айтылбаган сезимим,
Сагынычым кусалыгым күздөгү…

Сейилдебей калган сүйүү бактары,
Сени, мени унуткандай баштагы.
А мен келип өткөндөрдү эстесем,
А сен күтүп жолугууга башканы…

Тааныш үйлөр, тааныш жолдор көчөлөр,
Далай ирет мени ал күнгө жетелээр…
Мен бул күздө бакытымды таппадым,
А сен күздө өз бактыңа жете көр.

Мен бул күздө бакытымды таппадым,
А сен күздө өз бактыңа жете көр.

Автор: Элиана Жамгырчиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

975