7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет өлкөгө кирүүгө мыйзамсыз аракет кылган жаран кармалды

811

Коңшу мамлекеттердин бирине кирүү үчүн, паспортуна “кирүү” деген штампты жасалма кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билиришти.

Маалыматка караганда, 26-октябда, паспортуна «кирүү» деген штампты жасалма кылып, «Чоң-Капка-унажолу» өткөрүү пунктундан Казакстанга өтүүгө аракет кылган, Өзбекстандын Фергана облусунун Кош-Тепин районунда 1984-жылы туулган Г.Ф.Ш. аттуу Өзбекстандын жараны кармалды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Кармалган шектүү Талас ОИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812