7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте казакстандык жарандардын кармалгандыгы тууралуу УКМК маалымат берди

705

«Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 23-октябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип, кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүп, Кордай-автодорожный постунан алыс эмес жерде өтмөктөр аркылуу өтүшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү менен иш козголгон.

Ыкчам иш чаранын натыйжасында ушул жылдын 26-октябрында Казакстандын жарандары Ж.А.Е. жана Б.Д.Д. кармалышкан. 31-октябрда Октябрь райондук соту тарабынан кармалгандарга карата Бишкек шаарынын №1 СИЗОсуна 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706