Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш — 2022» Республикалык төкмө акындар айтышы жыйынтыкталды.
Айтышты сүрөп, кеңири коомчулук менен бирге Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышты.
2 күнгө созулган айтыштын баш байгесин акын Кубат Тукешов багындырса, биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов, үчүнчү орунду Сапарбек Зулпуев ээледи.
Калган катышкан төкмө акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилип, ошондой эле бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылды.
Аталган айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтүп, ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фондунун уюштуруусунда өтүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашты.
Белгилей кетсек, бул айтыштын байге фонду 1 млн сом.