7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионаты: Кыргызстандык спортчулар таяк тартыш боюнча 21 медаль жеңди (ФОТО)

529

Өзбекстанда өткөн таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык спортчулар 21 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алмалык облусунда өткөн Азия чемпионатында кыргыз балбандары 10 алтын, 3 күмүш жана 8 коло утту. Мелдеш 3-6-ноябрь күндөрү өтүп, жети мамлекеттен 120дан ашык спортчу катышты.

Алтын медалдардын ээлери:

60 кг салмакта Чыңгыз Саламатов, Байас Арстаналиев, 65 кг салмакта Адилет Имашов, 70 кг салмакта Бекмырза Токтошев, 90 кг салмакта Чыныбек Улуу Русланбек, 125 кг салмакта Улукбек Ырысбаев, 125 кг салмактан жогоркулар арасында Келдибек Атайбек уулу жана кыз-келиндер арасында 65 кг салмак категориясында Адел Маданбаева, 75 кг салмакта Эльдана Болотбекова, 85 кг салмактан жогоркулар арасында Дилдора Рахманова.

Ал эми 75 кг салмакта Хурсан Дустматов, кыз-келиндер арасында 55 кг салмак даражада Малика Садырова, 85 кг салмакта Санабархон Мамажанова күмүш медалдардын ээлери болушту.

Ошондой эле, 65 кг салмакта Ислам Шербакун уулу, 70 кг салмакта Данияр Турсунбеков, 75 кг салмакта Азамат Шакиров, 80 кг салмакта Бакыт Роман уулу, 105 кг салмакта Акылбек Урунбаев жана кыз-келиндер арасында 75 кг салмакта Гүлдана Бектурган кызы, 85 кг салмактан жогоркулар арасында Винера Илишева коло байгенин ээси болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

530