7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуштун жүрүшүндө кызмат адамдары 1 млн сомдон ашык каражатты кымырып алышкан

679

Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Коргоо министрлигинин жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушунда, аткарылган иштердин актыларына жасалган жумуштардын көлөмүн жана колдонулган материалдардын түрлөрүн атайылап көбөйтүү жана бурмалоо жолу менен каражатты кымырып алган фактысы аныкталды. Натыйжада, мамлекетке 1 млн. сомдон ашуун өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

680