7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 20 миллион долларга спорт комплекси курулат

572

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу үчүн 72,2 гектар жер тилкесин “Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомуна берүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн жер тилкеси ондогон жылдар бою эффективдүү пайдаланылбай, кароосуз калган абалда жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында эл аралык спорт комплексин куруу долбоорунда жыл бою иштей турган көп функционалдуу спорт комплексин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү каралган, анда улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, ошондой эле реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. 

Эл аралык спорт комплексинин курулушун жана тиешелүү инфраструктураны түзүүнү 2023-жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Аталган комплекстин алдын ала наркы 20 млн АКШ долларын түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573