7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аял менен эркектин физиологиялык жана психологиялык жактан айырмачылыктары

912

Аял менен эркек физиологиялык жактан эле эмес, психологиялык жактан да айырмаланат эмеспи. Экөө эки башка ой жүгүртөт, эки башка кабылдайт. Бул нерсени тастыктоо үчүн алардын жасап жаткан иштеринен эле айырмачылыктарын байкап көрөлү. Эркектер аялдарды түшүнүүгө болбойт дешсе, аялдар эркектерди түшүнө албайсың деп айтышат. Бул материалда аялдар менен эркектердин айырмачылыгы жөнүндө сөз кылалы.

Аялдар ден-соолугу үчүн ар убак кооптонсо да, эркектерге салыштырмалуу эки эсе аз оорушат. Ошондуктан эркектерге караганда 7-15 жылга көп жашашат.
Эркектер эркектердин жамаат бат көнүшсө, аялдар өздөрүнүн жамаатына көнүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Ушул сыяктуу кайнатасы менен күйөө баласы оңой тил табышса, кайнене менен келиндин мамилесинде көбүнчө маселе болот.

Аялдар бир эле убакта бир нече ишти аткарууга жөндөмдүү келишет. Мисалы, тамак жасап жатып телефондо да сүйлөшөт, баласына да көз салып турат. Эркектер үчүн бир убакта бир эле иш менен алек болуу керек, экинчиси тоскоолдук кылат.

  • Эркектер аялдарга караганда бир кыймыл-аракетти көпкө кыла алышпайт. Мисалы, аялдар көп убакытка чейин сүйлөшүп отура берет. Эркектер бул нерсеге чыдамдуу эмес.
  • Пикир келишпестик, ызы-чуу болгон учурда эркектин эң мыкты куралы унчукпай кутулуу болсо, аялдыкы көз жашын төгүү.
  • Оор кырдаалдан чыгуу үчүн эркек өзү жол табууга аракет кылса, аял курбуларынан кеңеш сурайт.
  • Аялдарда мимика, жест, көз караш менен түшүнүү жакшы өнүккөн. Ал эми эркектерде мындай сапат жок. Ошондуктан алар бат алданышат.
  • Аялдар үчүн сүйүүсүн билдирүүгө караганда сүйүп калуу оңой. Эркектерде тескерисинче: сүйүүсүн оңой билдиришет, бирок оңой менен сүйүп калбайт.
  • Эркектер агрессивдүү, аялдар чыр-чатактуу.
  • Эркектер башка бирөөнүн сырын өзүнүкүнө караганда бекем сактайт, аялдар, тескерисинче, өзүнүн сырын башканыкына караганда жакшы сактайт.
  • Аялдар эркектин сырткы келбетине караганда өзүнүн сырткы келбетине көбүрөөк маани берет. Эркектер тескерисинче. Ошон үчүн да “эркек маймылдан бир аз сулуу болсо болду” деген сөз айтылып калган.
  • Аялдардын өзүнө-өзү ыраазы болуусу эркектерге караганда төмөн.
  • Эркектер жай сүйлөп, бат иштешет. Аялдар бат сүйлөп, жай иштешет.
  • Аялдардын бизнес тармагында эркектерге караганда кирешеси аз.
  • Аялдар окууга, жазууга, тил үйрөнүүгө жөндөмдүү болсо, эркектер математика, физика сыяктуу табигый илимдерди өздөштүрүүгө жөндөмдүү келишет.
  • Эркектер жашоодо ар кайсы чөйрөдө – спорт, жумуш, сүйүүдө жана башкаларда ийгиликке жеткиси келет. Аялдар үчүн сүйүү ар дайым биринчи орунда.
  • Аялдар эркектерге салыштырмалуу эмоционалдуу келишкендиктен суицидге аларга караганда 10 эсе көп барышат.
  • Аялдар ойлонбой сүйлөп, ойлонбой иш кылса, эркектер ойлонуп иш кылат.
  • Эркектер көрүү аркылуу жакшы кабыл алса, аялдар сөз аркылуу жакшы кабыл алат. Ошон үчүн да “эркек көзү менен, аял кулагы менен сүйөт” деген сөз айтылып калган.
  • Аялдардын эс тутуму эркектердикине караганда бир топ жакшы.
  • Эркек бир нерсени бүтүн бойдон кабыл алса, аял майда-баратына чейин көңүл бурат.
  • Аялдар эркектерге караганда кыялкеч келишет.
    Аялдар бир эле убакта көп суроо берүүнү жактырышса, эркектер жооп алууну жактырышат.
  • Эркектер аялдарга караганда өзүмчүл болушат. Бул алардын дайым камкордукта жүргөндүгүнө байланыштуу: алгач апасынын, эжесинин, андан кийин аялынын кам көрүүсүндө. Ошондуктан эркектер дайыма көңүл бурууну талап кылышат.
  • Аялдар маалыматты кунт коюп көп убакыт уга алышат. Эркектер аялдарды 10-15 секунд гана угушуп, сөздүн аягына чыкпай дароо жооп беришет.
  • Аялдардын энелик инстинкти жакшы өнүккөн. Эркектердин аталык инстинкти анча өнүккөн эмес. Ошондуктан кичинекей кыздар оюнчук тандоодо куурчакты жогору баалашса, балдар машина, робот сыяктуу оюнчуктарга жакын келишет.
  • Жигиттер бир шым менен көйнөктү кийип бир жума бою жүрө беришет. Ал эми аялдар кийим толгон шкафты ачып, кийгенге эч нерсе жок дешет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

913