7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик салык кызматынын Токмоктогу башкармалыгынын башкы инспектору кармалды

795

Күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү каналы аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү жана сатуу боюнча мыйзамсыз канал уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн иш-чарада узак убакыт бою Казакстандан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүнү уюштуруп, эсепке алынбаган продукцияларды жасалма документтер менен салык органынын кызмат адамынын катышуусу менен легалдаштырып, андан ары негизинен республиканын түштүк аймактарына сатууну уюштурушкан адамдар аныкталды.

Ыкчам-тергөө иштердин жүрүшүндө мыйзамсыз каналдын уюштуруучулары Ш.М. жана Д.О., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору М.Т. кармалышып, тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

796