Немис баяндамачысы Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Марокколук оюнчулардын футболдон соң апаларын кучактап өпкөнүнө, ар бир оюндан кийин сажда кылып жатканына көңүл бурду.
«Бизде, батыш коомунда бекем үй-бүлөлүк байланышты көрбөй калдык. Үй-бүлө концепциясы жок болуп баратат. Биз футболдон кийин моделдерди же дос кыздарын өөп жаткан футболчуларды көрөбүз. Ошол эле маалда алардын ата-энелери карылар үйүндө болушат. Марокколуктардын жеңиштеринде үй-бүлөнүн руханий колдоосу чоң роль ойноду. Биз болсо ЛГБТны колдоо үчүн келип, оозубузду алаканыбыз менен жапканга мажбур болдук. Биз Марокколуктарды футбол ойногонго үйрөттүк. Алар бизден озуп кетишти. Эми алардан адеп-ахлак, үй-бүлөлүк баалуулуктарды үйрөнүшүбүз керек. Ошондо качандыр бир кезде биздин оюнчулар да ата-энелеринин маңдайынан өөп жатканына күбө болуп каларбыз»,- деп Каттабек Шамшиев билдирүү калтырган.