Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Салиха Гобоева Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатында 56 кг салмакта коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдиришти.
Спортчу кыз-келиндер арасында «лоу-кик» дисциплинасында беттешти. Биринчи беттешинде жеңип, ал эми жарым финалда кореялык спортчуга жеңилип 3-орунду ээледи.