7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек, Ош шаарларында сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүлүүдө

584

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда.

ДССУнун сунуштарына ылайык, оорунун стандарттык аныктамалары боюнча бейтаптарды сасык тумоого текшерүү жүргүзүлөт. Октябрдан азыркы убакка чейин (2022-жылдын 40-49 жумасына чейин) бардыгы болуп 1149 үлгү изилденген, анын ичинен 246сы сасык тумоо экени аныкталган.

  • Анын ичинде:
  • Сасык тумоо А/H1N1pdm (чочко тумоосу) 48% (118),
  • Сасык тумоо В — 41,5% (102),
  • Типсиз — 7,3% (18),
  • Грипп A/H3N2- 1,2% (3),
  • H1N1 сезондук — 2% (5).
  • COVID-19 инфекциясы 38 үлгүдө аныкталган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мониторингге ылайык, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуу тенденциясы байкалууда. Республикада бирин-экин учурлар катталган, алар жеңил жана симптомсуз түрдө өтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

585