7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга 2023-жылы 93 тез жардам унаасы келет

711

«2023-жылы 93 тез жардам унаасы келет. Анын бир бөлүгү Бишкекке берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

«2023-жылы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 93 тез жардам унаасын алабыз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык автобазада 74 тез жардам унаасы турат. Анын ичинен 30 унаанын эскилиги жеткен. Бешөө жол кырсыгына кабылып, оңдолуп жатат. Учурда 33 транспорт кызматка чыгууда. Күнүнө 2000ден ашуун чакыруу түшүп жатат, мындан улам Бишкекке кошумча дагы беш унаа бөлүп бердик. Жакында жогорудагы белгилеп кеткен 93 унаабыз келсе, анын бир бөлүгүн Борбор шаарыбызга беребиз деп турабыз. Бул нерсе менен биз шаар тургундарынын жана конокторубуздун саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрүн жеңилдете алабыз деген ишеничтемин. Дени сак улут, өнүккөн өлкө!»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712