7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрда башталат

558

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу ушул жылдын 26-декабрында башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин “2022/2023-окуу жылына кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди.

Ага ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 2022-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин жүрөт.

«Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2022-жылдын 29-31-декабры саат 16:00»,- деп берилет маалыматта.

Кышкы кабыл алуунун экинчи этабы 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат. Экинчи этап үчүн конкурска катышууга талапкерлерди каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 12-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 12-14-январы саат 16:00.

Кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жүрөт. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат. ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 19-21-январы саат 16:00.

Кышкы кабыл алуунун төртүнчү этабы 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

Белгилей кетсек, ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 26-28-январы саат 16:00го чейин. ЖОЖго окууга болгон каалоосун тастыктаган абитуренттердин жалпы тизмеси бардык турлардын кабыл алуу жыйынтыгы боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна ырастоо үчүн жөнөтүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

559