«2023-жылы 93 тез жардам унаасы келет. Анын бир бөлүгү Бишкекке берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.
«2023-жылы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 93 тез жардам унаасын алабыз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык автобазада 74 тез жардам унаасы турат. Анын ичинен 30 унаанын эскилиги жеткен. Бешөө жол кырсыгына кабылып, оңдолуп жатат. Учурда 33 транспорт кызматка чыгууда. Күнүнө 2000ден ашуун чакыруу түшүп жатат, мындан улам Бишкекке кошумча дагы беш унаа бөлүп бердик. Жакында жогорудагы белгилеп кеткен 93 унаабыз келсе, анын бир бөлүгүн Борбор шаарыбызга беребиз деп турабыз. Бул нерсе менен биз шаар тургундарынын жана конокторубуздун саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрүн жеңилдете алабыз деген ишеничтемин. Дени сак улут, өнүккөн өлкө!»,- деди ал.