Кечээ, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды.
Салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, тургундар, жаштар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан музыкалык программа уюштурулду.
Белгилей кетсек, бул жылдагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 29 метр.