Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков парлдаменттин жыйынында Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагындагы Кыргоо айылында жайгашкан №46 орто мектептен келген кайрылуу тууралуу сөз кылып: “Аталган мектептин имараты 1974-жылы малчылар үчүн курулган үй болгон экен. Кийин 1991-жылы ашар жолу менен төрт бөлмөлүү кошумча имарат салынган. Андан бери жаңы мектеп курулмак турсун, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Андыктан элдин суранычын эске алып, аталган айылга 150 орундуу мектеп куруп берүү кажет”,– деди.
Депутат: «Талды-Булакта илгерки малчылардын үйүндө балдар окуп жатат» (ВИДЕО)
