Ысык-Көлдө жол тейлөө кызматкери жолдо кум чачып жүрүп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга аймактык ооруканадан Темир айылында ДЭУ ишканасынын кызматкери, Ананьево айылынын А.О. аттуу 1963-жылкы тургуну «HOWO» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын бортунда жолго кум чачып жатып, кокусунан кулап кеткен.
Жабырлануучу Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жаткырылып, каза болуп калган.
Аталган факты райондук милициянын маалыматтык электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.