«Кыргызстан менен Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери эки өлкө мамилелери мындай дэңгээлге биринчи жолу чыгып жатат. Чек ара маселесин чечүүдө жеке колдоосу үчүн менин кесиптешим, урматтуу Садыр Нургожоевичке өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Эгер анын саясий эрки болбосо, анда бүгүнкү күндөгү жыйынтыкка жете алмак эмеспиз. Мурункудай эле “эртең же бүрсүгүнү жасайбыз” деп айтып койсо болот эле. Бирок 30 жыл өттү, бул маселелер чечилбей келген”, — деди Өзбекстандын лидери.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда, Бишкекте президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.