7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокат: Окуучулар 3 күн суук класста окугандыгы боюнча министрлик түшүндүрмө берди

550

Билим берүү жана илим министрлиги Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектептин окуучулары эмне үчүн суук класстарда билим алышкандыгын түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 24-25-26-январь күндөрү Ынтымак айылында саат 8.00дөн саат 10.00гө чейин жана мезгил-мезгили менен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган.

«Ошол учурда мектептин буу казанындагы сууну айдоочу насостор иштебей калгандыктан мектептин имараты муздап калган. Кайрадан жылуулук берилип, толук кандуу ысыганга чейин эки саатка жакын убакыт кеткен. Бул мезгилде класстарда температура нормага жетпей жаткан. Айыл өкмөтү тарабынан жылытуу мезгилине керектелүүчү БСШ үлгүсүндөгү 90 тонна көмүр түшүрүлгөн. Айыл өкмөтү тарабынан акыркы 2 күндө айыл БК үлгүсүндөгү көмүр алып келинди. Учурда мектептин класстарында температура 17,18 градусту түзөт. Мындан сырткары, окуу класстарына кошумча жылыткычтар коюлуп, жылытылууда. Окуу процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок”, — деп билдиришти министрликтен.

Эскерте сетсек, буга чейин аталган мектептин окуучулары суук класстарда билим алып жаткандыгын айткан ата-энелердин арыздары камтылган маалымат тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551